Чүй облусунун Жайыл районунда алты жаштагы балага арак ичиришкенден кийин ооруканага түшкөн факт сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча маалымат Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан 12-июлда келип түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу ооруканага түшкөн бала 2012-туулган П.Ю экенин аныктаган. Окуяга байланыштуу баланын апасы (П.А) суракка алынып, ал Ставропаловка айылында баш калкаларын айткан.
11-июлда ал чогуу жашаган кишинин (А.П) үйүндө тааныштары менен бирге спирт ичимдиктерин ичишкенин, алардан токмок жеп үйдөн качып кетип, кечинде кайтып келгенин айткан. Баласынын абалын эртең менен гана көрүп ооруканага кайрылганын билдирген.
Милиция ичимдик ичилген үйдүн ээсинин баласын да суракка алган. Ал ооруканага түшкөн бала алар ичимдик ичип отурганда тамак сурап келгенин, үй ээси (А.П) балага помидор берип, эки стакан арак ичириш үчүн кыйнаганын, ага каршылык көрсөткөнү үчүн баланы башка чапканын айтып берген.
Массалык маалымат каражаттары бала ичимдикке ууланганын, бир жумадан бери Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө комада жатканын жазышууда. (BTo)