Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Иран Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармады


Ормуз кысыгындагы танкер. Иллюстрациялык сүрөт.
Ормуз кысыгындагы танкер. Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Ирандын бийлиги жума күнү Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармап алганын билдирди.

«Ассошиэйтед Пресс» агенттиги маанилүү делген деңиз жолунда чыңалуу күчөп баратканын жазды. Жереми Хант коопсуздук чаралары жана эки кемени, анын экипаждарын бошотуу боюнча британ өкмөтүнүн чукул жыйынында кемелердин кармалышын «жол берилгис» деп баалады.

«Reuters» агенттиги Британиянын тышкы иштер министри Ормуз кысыгында кемелерге чектөө киргизүүдөн Иран өзү чоң жоготууларга кабыларын эскерткенин жарыялады.

Мунун алдында Гибралтардын Жогорку соту 19-июлда ушул айдын башында кармалган Иран кемесинин камак мөөнөтүн дагы 30 күнгө узарткан.

4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында ирандык «Грэйс-1» мунай танкерин санкцияларга карабастан «Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан.

Иран дооматтарды четке кагып, өз кемесин тезинен өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал эми жогорку лидер Аятолла Хаменеи Ирандан «жооп боло турганын» убада кылып, Британияны «каракчылыкка» айыптаган.

XS
SM
MD
LG