Чехиянын Градец-Кралове шаарында каратэ-до SKIF боюнча 13-дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн спортчулар келген.
Ага Кыргызстандан өспүрүмдөрдөн тарта 75+ жашка чейинки 25 спортчу катышууда. 19-июлда өспүрүмдөр арасында Эмиля Алмазова ката түрүнөн бир алтын, кумитэден бир күмүш медаль алды.
Жалал-Абад облусунундагы каратэ-до SKIF федерациясынын машыктыруучусу Жоомарт Медер уулу «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго кыргыз спортчуларынын даярдыгы тууралуу айтып берди.
«Кыргызстандын курама командасы жакшы даярданып келиптир. Бир да спортчу биринчи же экинчи айлампада утулган жок. Көбү төртүнчү, бешинчи, болбоду дегенде эле үчүнчү айлампада утулуп атышат».
Медер уулу Кыргызстандын каратэ-до SKIF федерациясы эл аралык мелдешке биринчи жолу толук курамда катышып жатканын, федерацияга мамлекеттен колдоо жок экенин жана көбүнесе ата-энелер менен ишкерлер колдоп жатканын билдирди.
Чехияда өтүп жаткан каратэ-до SKIF боюнча 13-дүйнөлүк чемпионат 19-июлда башталган. 21-июлда жыйынтыкталат. (MTo)