Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол мелдеши өтүп жатат


Улан Эгизбаевдин жылдыгына карата өтүп жаткан футбол боюнча мелдеш. 20-июль, 2019-жыл.
Улан Эгизбаевдин жылдыгына карата өтүп жаткан футбол боюнча мелдеш. 20-июль, 2019-жыл.

Бишкек шаарынын Ак-Ордо ТЭЦ-2 жаңы конушунда «Азаттыктын» кабарчысы Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол мелдеши өтүп жатат. Ага аталган конуштун көчөлөрүнөн баш-аягы беш команда катышууда.

Ушул эле Ак-Ордо ТЭЦ-2 жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине быйыл апрель айында Улан Эгизбаевдин ысымы ыйгарылган. Көчөгө журналисттин ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимди жергиликтүү тургундар өздөрү кабыл алып, үйдүн дубалдарына «Улан Эгизбаев көчөсү» деген такталарды илишкен.

Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө быйыл бир жыл болот. Ал 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG