Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Алайда «Сары-Таш - 2019» атайын тактикалык машыгуусу өттү


Президент Сооронбай Жээнбеков «Сары-таш — 2019» атайын тактикалык машыгуусунда.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Сары-таш — 2019» атайын тактикалык машыгуусунда.

Бүгүн, 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу майданында «Сары-Таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү. Өлкө башчы курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышып, улуттук коопсуздукту бекемдөө — ички жана тышкы саясаттын негизги багыты экенин белгиледи.

Президент бул машыгууларды өткөрүү мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине өбөлгө болорун жана кошуна өлкөлөр менен кызматташтыктын духуна шайкеш келерин белгиледи.

«Ар түрдүү уюмдарга жана союздарга биригүү менен көпчүлүк мамлекеттер эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү көмөктөшүүдө. Бул күрөштө биздин республика башка өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен бир катарда турат. Кыргызстандын БУУга, ШКУга жана ЖККУга катышуусу учурдун чакырыктарынын жана коркунучтардын алдын алууда бардык мамлекеттердин жалпы дараметин жогорулатат», - деди Жээнбеков.

Иш-чарага Орусиянын, Казакстандын, Индиянын аскер атташелери, орусиялык «Кант» аскерий базасынын жетекчилиги жана Эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун өкүлдөрү катышты.

20-июлдагы машыгуу Куралдуу күчтөрдүн планы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн катышуусу менен өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG