Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Баткен: эрте никеге туруу маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Кара-Бак айылында “Жашстан 2: жаштар – Кыргызстандагы тынчтыктын жана туруктуулуктун элчилери” долбоорунун алкагында атайын талкуу уюштурулду.

Эрте никеге туруунун себептерин жана кесепеттерин аныктоого багытталган жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, соцкызматкерлер менен мугалимдер, укук коргоочулар, дарыгерлер жана облустук казыяттан өкүлдөрү катышты. Иш-чарада ата-энелер да өз пикирлерин билдиришти.

Уюштуруучулар жашы жете электерди эрте никеге турууга ата-энелерге эмне түрткү берип жатканын аныктоо, өспүрүм кыздардын тагдырына ата-энелердин кайдыгерлигин жоюу үчүн ар тараптуу сунуштарды кабыл алышты.

Кызыл-Кыя шаарынын аймагында эле жашы жете элек жети кыз турмушка чыкканы аныкталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында жашы жете элек кыздарын турмушка узаткан үй-бүлөлөргө экономикалык абал түрткү болгон, аз бөлүгү диний көз караш менен ушундай кадамга барышкан.

Мындай абалдын алдын алуу үчүн коомчулук менен тиешелүү кызматтар биргелешип, чечимдерди кабыл алуучу органдарга атайын сунуштар менен кайрылмай болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG