Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Замирбек уулу дүйнө чемпионатында коло медал тагынды


Азизбек Замирбек уулу.
Азизбек Замирбек уулу.

Кыргызстандык спортчу Азизбек Замирбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Азизбек Замирбек уулу 54 килограмм салмакта күч сынашып, биринчи аракетинде 80 килограммдык штанганы көтөрө албай койгон. Экинчи берилген мүмкүнчүлүгүндө көтөрүп кеткен. Ал эми үчүнчү жолку аракетинде 89 килограммды көтөрүп, 88 килограмм көтөргөн америкалык спортчудан ашып кеткен. Бирок калыстар Замирбек уулунун бул жыйынтыгын эсептебей, ал 4-орунга жазылган.

Ага каршы Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Аднан Жабралиев калыстар тобуна апелляция берген. Калыстар эпизодду кайра башынан карап чыгып, эч кандай эреже бузууну табышкан эмес. Жыйынтыгында Азизбек Замирбек уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду.

Бул чемпионат 12-20-июль күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG