Линктер

бейшемби, 22-август, 2019 Бишкек убактысы 07:29

Кыргызстанда окуучулардын 30% окуп жана иштешет


Кулпунай терип жаткан балдар. Чүй облусу.

Азыркы учурда Кыргызстанда 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулардын 30 пайызы окуп, ошол эле учурда иштеп келет. Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясы менен Эл аралык Эмгек уюму балдардын эмгегин колдонуунун бизнеске болгон таасири боюнча жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.

Анда үч негизги экспортко багытталган продукциялар каралды. Алар: грек жаңгагы, пахта жана төө бурчак. Маалыматка караганда, пахта өстүрүүдө балдардын эмгеги аны отоо, сугаруу жана түшүм жыйноодо колдонулат. Балдар пахтаны сугарууга жети жаштан, ал эми терүүгө төрт жаштан баштап тартылат.

Грек жаңгагын жыйноодо, сатууда да балдардын эмгеги колдонулат. Бул ишке балдар беш жаштан тарта салынып сентябрь, ноябрь айларында иштешет. Ал эми төө бурчак өстүрүүгө 10-11 жаштагы өпүрүмдөр тартылып, май, сентябрь айларында эмгектенишет. Бул иштер окуу мезгилине туш келгенине карабай көпчүлүк балдар мектепке барбай иштешээри аныкталган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында бизнес чөйрөсүнө сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.

Ассоциация Кыргызстанда арзан жана квалификациясыз балдардын эмгегин колдонуу, кээ бир убактылуу эле көйгөйлөрдү гана чечип, келечекте адамдык капиталдын сапатын түшүрүп жатканын белгилеген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG