Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети – Бишкек мамлекеттик университети болуп өзгөрдү.
Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган жогорку окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев билдирди. Ал мындай чечимди университеттин окумуштуулар кеңеши кабыл алып, өкмөт колдоп бергенин айтты.
«Чет өлкөлөргө барып кызматташуу боюнча сүйлөшкөндө БГУ десек алгач Бишкек мамлекеттик университети деп ойлошот экен. Кийин гуманитардык университет экенибизди билгенде «бир гана багыт менен чектелип калат экенсиңер» деген пикирди көп уктук. Биз мурунку эле багытыбызды сактап, негизги ишибизди ушул нукта улантабыз. Ал эми мамлекеттик университет деген чоң мүмкүнчүлүк болуп турат».
Мусаев бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча чыгым кетпегенин, Бишкек мамлекеттик университети учурда дүйнөнүн 100гө жакын жогорку окуу жайлары менен иштешип жатканын белгиледи.
Сөз болуп жаткан университетте жалпы 7500дей студент билим алат. Ал эми мугалимдердин саны 500гө чамалайт. (BTo)