Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Денис Петрашов Токио-2020 олимпиадасына жолдомо алды

Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада ооюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Ушул күндөрү Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча 18-дүйнө чемпионаты өтүп жатат. 21-июлда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи.

Петрашов аралыкты 1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, олимпиадалык нормативди толтурду жана жолдомого ээ болду. Бул - кыргызстандык спортчуларга 2020-жылы Токиодо өтө турган олимп оюндарына берилген алгачкы жолдомо. (GT)

XS
SM
MD
LG