Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Украина: Крым менен чектеш аймактарда көзөмөл күчөтүлдү


«Каланчак» чек ара өткөрмө бекети.
«Каланчак» чек ара өткөрмө бекети.

Украинанын чек арачылары Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен чектеш өткөрмө пунктарында көзөмөлдү күчөтүп, аскерлердин санын көбөйттү. Мындай чара Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды шайлоого байланыштуу кабыл алынган.

Маалыматка караганда, жарандардын паспортун текшерүү үчүн «Каланчак» жана «Чаплинка» чек ара бекеттерине көчүп жүрүүчү кошумча комплекстер келди. Чек арачылар азырынча эч кандай мыйзам бузуулар жана Украинадагы шайлоого байланыштуу элдин агымы көбөйгөнү байкалбаганын билдиришти.

21-июлда Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүүдө. Ага 20дан ашык партия катышып жатат. Крым жана Донбасс украин бийлигинин көзөмөлүндө эместигине байланыштуу ал аймактарда добуш берүү болгон жок.

Орусия Крымды 2014-жылы украин мыйзамдарына каршы өткөн референдум аркылуу аннексиялап алган. Ошондон кийин жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Батыш мамлекеттери муну эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу деп эсептейт.

Украинанын Луганск жана Донецк аймактары да Орусия колдогон жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн. Өздөрүн «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап алган аймактардын эгемендигин дүйнө өлкөлөрү тааныган эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG