Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Экзит-полл: Зеленскийдин партиясы 43,9% добуш алды


Ураинанын президенти Володимир Зеленскийдин добуш берип жаткан учуру.
Ураинанын президенти Володимир Зеленскийдин добуш берип жаткан учуру.

Украинанын улуттук экзит-поллунун алгачкы жыйынтыгына ылайык Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" ("Слуга Народа") партиясы Жогорку Радага добуш берген шайлоочулардын 43,9% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп чыкты.

Экинчи орунда 11,5% менен "Оппозициялык платформа" партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петро Порошенконун "Европалык тилектештик" деп аталган партиясы келатат. Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясы добуштардын 7,6% менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун "Добуш" партиясы 6,3% менен парламентке өттүү мүмкүнчүлүгүн алгандай көрүнөт.

Калган партиялар Жогорку Рада өтүш үчүн коюлган беш пайыздык босогону өтө алган жок.

Бул экзит-поллдун Киев убактысы боюнча саат 18:00гө карата чыккан партиялык тизме аркылуу өтүүчү 225 депутат боюнча жыйынтык.

Украинанын шайлоочулары 21-июлда Жогорку Раданын депутаттарына добуш беришти. Украинанын президенти Владимир Зеленский калктын депутаттарга болгон ишеничи төмөндөп кеткенин жана парламентте башкаруучу коалиция жоктугун айтып, мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүнү демилгелеген.

XS
SM
MD
LG