Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Автоунаа мелдешиндеги кырсыктын себеби териштирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Жеңиш аянтында уюштурулган автоунаалардын мелдешиндеги кырсыктын себептери териштирилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Жол кыймылынын эрежесин бузуу жана автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо” беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. Керек болгон соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

21-июлдагы дрифт боюнча автоунаалардын мелдешинде “Тойота Марк 2” үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келатып көрүүчүлөр турган тараптагы тосмону сүзүп кирип кеткен. Андан алты киши жабыркап, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Алардын экөө Кытайдын жарандары. Жабыркагандардын абалы боюнча так маалымат бериле элек.

Дрифт - автоспорттун экстремалдык түрү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG