Украинада жергиликтүү саат боюнча 20:00гө карата добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы саны 49,84% түздү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бир катар облустарда (Винница, Волынь, Днепропетровск, Житомир, Запорожье, Киев, Львов, Полтава, Сумы, Тернополь, Харьков, Хмельницкий, Черкассы, Чернигов) добуш бергендердин көрсөткүчү 50% ашкан.
Киевде шайлоочулар эң аз катышып, добуш бергендердин саны 49 пайызга бир аз жетпей калды. 21-июлда Украинада парламенттик шайлоо өтүп, ага бардык партияларды кошкондо дээрлик алты миң талапкер ат салышты. Добушканалар саат 20:00дө жабылды.
Улуттук экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгына ылайык, Жогорку Радага беш партия өтөт. Алар: "Эл кызматчысы" ("Слуга народа"), "Европа тилектештиги" ("Европейская солидарность"), "Оппозициялык платформа", "Голос" жана "Күч жана намыс" ("Сила и честь").
Крым жана Донбасс украин бийлигинин көзөмөлүндө болбогонуна байланыштуу ал аймактарда шайлоо өткөн жок.