Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Гонконгдо демонстранттар демократиялык реформаны талап кылышты


Гонконгдо нааразылык акциясына чыккандар, 7-июль, 2019
Гонконгдо нааразылык акциясына чыккандар, 7-июль, 2019

"Гонконгдогу өкмөткө каршы нааразылык акциясына он миңдеген адамдар чыкты", - деп жазды "Reuters" агенттиги. Алар демократиялык реформаны жана полициянын болжолдуу зомбулугун иликтөөнү талап кылышты.

Июнда полиция чогулгандарды таратуу үчүн желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ пайдаланган. Демонстранттар менен полициянын кагылышында 11 полиция жабыркаган.

Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган.

Жүз миңдеген киши катышкан демонстрациялардан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен күн тартибинен алынышы керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG