Бүгүн, 22-июлда Кой-Ташта түзүлгөн “элдик штаб” жол эрежесин бузгандар үчүн салынган айып пул маселесин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Анын айтымында, штабга келген адамдар айып пулдун жогору экенине жана “Коопсуз шаар” долбоорунун иштешине нааразылыгын билдирип жатышат.
“Ошондуктан бул маселени талкулоо үчүн аянтча түзүп берүү чечими кабыл алынган”, - деди Жолдубаева.
"Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырып жатат.
Өкмөт өткөн аптада жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдардын айрым түрлөрү өзгөрө турганын билдирген. (КЕ)