Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Көчмөндөр оюндарын Таласта өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү


Таласта улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган топ Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча иш планды иштеп чыгат. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусунда Көчмөндөр оюндары быйыл сентябрь айында өтөөрүн билдирген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага жалпысынан 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ал учурда бул оюндарды өткөрүү кезеги Түркияга өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Быйыл өкмөт улуттук көчмөндөр оюндары эми Кыргызстанда аймактарда өткөрүлөрүн жарыялаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG