Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кең-Булуң” өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Басма сөз кызматынын башчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, учурда “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде автоунаалардын өтүшүн жеңилдетүү максатында жүгү жок унааларды “Кең-Булуң” бекетине жөнөтүлүүдө. Ал эми аталган бекеттен жүк ташуучу унаалар кечки саат 8ден соң өткөрүлгөнү үчүн аз сандагы автоунаалар кезекке туруп калууда.
Чек ара кызматы учурда “Ак-Тилек” бекетинде кезек жок экенин, ал эми “Кең-Булуңда” беш-алты чоң машине турганын кабарлады.
Буга чейин айрым маалымат агенттиктер 20-июлдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде автоунаалардын тыгыны пайда болгонун кабарлаган.
Кыргыз-казак чек арасында бир нече жолу автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилип, мындай жагдай эки өлкө ортосундагы мамилеге таасирин тийгизген учурлар болгон. (BkA)