Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Британ өкмөтү танкердин кармалышы боюнча чукул жыйын өткөрөт


"Stena Impero" кемеси, Бендер Аббас порту, 21-июль 2019-жыл.
"Stena Impero" кемеси, Бендер Аббас порту, 21-июль 2019-жыл.

Британ премьер-министри Тереза Мэй Иран Улуу Британиянын желеги менен сүзүп жүргөн кемени кармагандан кийин түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөргөнү жатат.

22-июлга белгиленген бул жыйын соңку бир сутка ичиндеги британ өкмөтүнүн КОБРА деп аталган коопсуздук кеңешинин үчүнчү чогулушу болуп калмакчы.

Бир күн мурда Иран билдирүү таратып, 19-июлда кармалган "Stena Impero" аттуу мунай ташуучу кеменин экипажынын бардык 23 мүчөсүнүн саламаттыгы жайында экенин, алар Бендер Аббас портунда кармалып турганын маалымдаган.

Тегеран бул кеме ирандык балыкчылардын кайыгы менен чатакка аралашканы үчүн кармалганын билдирип жатат. Лондон Ирандын мындай түшүндүрмөсүн четке кагып, мунай танкеринин кармалышын "кастык аракет" деп мүнөздөгөн.

4-июлда Британиянын деңиз флоту Гибралтардын жээгине жакын акваторийде "Сирияга мунай ташып баратат" деген шек менен ирандык танкерди кармаган эле.

XS
SM
MD
LG