Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисттерине кол салуу болду


Журналисттер ур-токмокко кабылган учур, Алматы, 22-июль 2019-жыл.
Журналисттер ур-токмокко кабылган учур, Алматы, 22-июль 2019-жыл.

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында кол салууга туш болушту. 22-июлда Казакстандын адам укуктары бюросу жайгашкан имараттын жанында белгисиз беш аял журналист Нургүл Тапаеваны бир чаап, оператор Токмолда Кусаиновдун видеокамерасын сындырышкан.

Укук коргоочу Сергей Дувановдун айтымында, 20 чакты аялдан турган топ пресс-конференциянын алдында кеңсеге келип чуу чыгарышкан. Алар түрдүү маалымат каражаттарынан келген журналисттердин ишине тоскоолдук жаратып, смартфондоруна, камераларына зыян келтиришкен. Жарым саатттан кийин бюрого полиция келген.

"Азаттык" радиосунун, "КазТаг" агенттигинин кабарчылары арыз жазышты. Кол салган аялдар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Күбөлөр бир аялды тартип коргоочулар кармаганын айтышууда.

6-июлда Нур-Султан шаарында белгисиз адам "Азаттыктын" кабарчыларын көздөй калемпир газын чачыраткан. Анда журналисттер полициянын демонстранттарды кармап жатканын тартып жүрүшкөн эле.

XS
SM
MD
LG