Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Иран: АКШга иштеген тыңчылар өлүм жазасына өкүм кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын бийлиги АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгына (ЦРУ) таандык "тыңчылар түйүнүн" аныктаганын, 17 киши кармалып, алардын айрымдары өлүм жазасына өкүм кылынганын билдирди.

Ирандын Чалгын министрлиги 22-июлдагы билдирүүсүндө тыңчылар тобу "ийгиликтүү талкаланганын", алардын мүчөлөрү Ирандын экономика, өзөктүк өндүрүш, армия тармактарында иш алып барып, жашыруун маалыматтарды топтоп келгенин белгиледи.

Министрликтин атын атабаган өкүлүнүн айтымында, 17 шектүүнүн бир бөлүгү узак убакытка абакка кесилди.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, "тыңчы" деп мүнөздөлгөн адамдар быйыл март айында кармалган. Азырынча Вашингтон Тегерандын мындай билдирүүсүнө жооп бере элек.

АКШ 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыккандан бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турат.

XS
SM
MD
LG