Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ИИМ жетекчилери барды


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барды.

Окуяга күбө болгондор кабарлагандай, министрдин орун басары мурдагы президент Атамбаев үч жолу суракка баруудан баш тартканын белгилеп, анын себебин билүүгө кызыкты.

Мирлан Каниметов менен Алмазбек Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жолугуп, мурдагы президент эмне себептен суракка барбай жатканын түшүндүрдү.

Жолдубаева Атамбаевден экс-президент деген макам мыйзамсыз алынды деп эсептерин жана бул боюнча Конституциялык палатанын чечими чыкмайынча суракка барбай турганын кабарлады. Мындан соң Каниметов баш болгон тергөө тобунун мүчөлөрү кетишти.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Мурдагы президенттин тарапкерлери муну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп, топтолуп турушат. (BkA)

XS
SM
MD
LG