Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты


22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматында беш киши жаракат алды.

Баткен облустук ооруканасына баш-аягы сегиз киши жеткирилгенин бейтапканадан "Азаттыкка" билдиришти. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар экени кабарланды.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Тажик өкмөтүндөгү ишенимдүү булак бир кишинин өмүрү кыйылып, алтоо жараат алганын ырастады. Маалыматка ылайык, чатак кыргыз айылдарынын тургундары Исфара-Ворух жолуна Тажикстандын желегин илбөөнү талап кылгандан улам тутанган. (TSh/JsA/KKs)

XS
SM
MD
LG