Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Баткен жана Согди облустарынын расмий өкүлдөрү жолугат


Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы жолугат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Алар чек арадагы Дача участогунда кездешет.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында беш киши жаракат алды.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух анклавынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворухка чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Учурда Исфара – Ворух автожолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Тажик өкмөтүндөгү ишенимдүү булак бир кишинин өмүрү кыйылып, алтоо жараат алганын ырастады. Маалыматка ылайык, чатак кыргыз айылдарынын тургундары Исфара-Ворух жолуна Тажикстандын желегин илбөөнү талап кылгандан улам тутанган. (TSh/JsA)

XS
SM
MD
LG