Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Кой-Таштагы “элдик штаб” айып пулдар боюнча өкмөткө талап койду


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары түзгөн Кой-Таш айылындагы “элдик штаб” жол эрежесин бузгандар үчүн салынган айып пулду азайтуу боюнча өкмөткө бир нече талап койду.

“Элдик штаб” тараткан маалыматта, мас абалында автоунаа башкаруудан башка бардык жол эрежесин бузуу үчүн салынган айыппулдар 2019-жылдын 1-январына чейинки өлчөмгө келтирилсин деп айтылат.

Мындан сырткары “Коопсуз шаар” боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол белгилери стандартка шайкеш келтирилсин деген талап да бар.

"Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолго, көчөлөргө видеокамералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырып жатат.

Өкмөт өткөн аптада жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн айыппулдардын айрым түрлөрү өзгөрө турганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG