Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Ак-Сай айылынан 144 адам коопсуз аймакка көчүрүлдү


Баткен районундагы Ак-Сай айылы. Сүрөт мурда тартылган.
Баткен районундагы Ак-Сай айылы. Сүрөт мурда тартылган.

Баткен районунун Ак-Сай айылынан 144 аял жана бала коопсуз аймакка чыгарылды. Алар Баткен шаарында кесиптик лицейдин имаратына жана стадиондо атайын чатырларда жайгаштырылууда. Облус жетекчисинин орун басарынын жетекчилигинде штаб түзүлүп, бул маселе боюнча тийиштүү кызматтар иштеп жатат.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматында беш киши жаракат алды.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Тажик өкмөтүндөгү ишенимдүү булак бир кишинин өмүрү кыйылып, алтоо жараат алганын ырастады. Маалыматка ылайык, чатак кыргыз айылдарынын тургундары Исфара-Ворух жолуна Тажикстандын желегин илбөөнү талап кылгандан улам тутанган. (JsA/TSh)

XS
SM
MD
LG