Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматкери Чолпон Бердикулова маалымдады.
Алар Ак-Сай айылынын Дача участкасында жолугуп, чек арада чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу, пикир келишпестиктин себебин аныктоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коңшу айыл элин ынтымакка чакыруу боюнча макулдашты.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, беш киши жараат алган.
Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух анклавынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворухка чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.
Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтык колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан. (TSh/JsA)