Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин маалымдады. Ок атышуу токтоду. Чек арадагы бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Исфара – Ворух жолу жабылып турат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызамткерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды жөнгө салуу үчүн биргеликте иш жүргүзүүдө.

Баткен облусуна Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жөнөп кетти. 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Акыркы маалымат боюнча 14 киши жараат алган. Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтык колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG