Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Тажикстан: Абакта тополоң уюштурууга айыпталгандардын иши каралууда


Тажикстандын Жогорку соту Хожент шаарындагы №3/3 абакта тополоң уюштурууга айыпталып жаткан камактагы 34 адамдын ишин карай баштады. Бул тууралуу 22-июлда соттун төрагасы Шермухаммад Шохиён билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган абактын төрт кызматкери жоопкерчиликке тартылган. Алардын арасында түрмө жетекчиси Файзулло Сафарзода да бар. Ал «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Калган үч кызматкер шалаакылык айыбы менен 2,5 жылга шарттуу кесилген.

Расмий версияга ылайык, былтыр 8-ноябрга оогон түнү башталган Хожент түрмөсүндөгү тополоңду токтотуу маалында 23 киши каза болгон. Анда алардын экөө абак кызматкери экени айтылган. Бирок бейрасмий маалыматтарга караганда, тополоң маалында кеминде 50дөй киши мерт болуп, дагы 180ден ашыгы жараат алган.

Жогорку соттун төрагасы кошумчалагандай, учурда аларда 19-майга караган түнү Вахдат шаарындагы абакта чыккан тополоң боюнча иш дагы каралууда. Бул иште айыпталуучу катары камактагы 28 адам өтүп жатат. Абактагы тополоңду басууда 32 киши, анын ичинде үч күзөтчү каза болгон.

XS
SM
MD
LG