Украинадагы парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, Жогорку Радага алгачкы жолу кара терилүү депутат келди. Ал президент Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынан талапкер болгон Жан Беленюк.
Саясатка аралашканга чейин грек-рим күрөшү менен машыккан Беленюк 2016-жылы Рио Олимпиадасында күмүш медаль тагынган. Ал шайлоодон кийин дагы спортту таштабай турганын жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышуу ниети бар экенин билдирген.
Беленюк учурда 28 жашта. Ал Киевде төрөлгөн, апасы украин, атасы Руанданын жараны. Атасы 1994-жылы Руандадагы жарандык согуш маалында каза болгон.