Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Патрулдук милицияга 61 кызматкер өтпөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматына 61 ИИМ кызматкери тапшырып, сынактан өтпөй калды.

Бул тууралуу маалымат Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды. Мекеме сынактан өтпөй калган 102 кишинин тизмесин жарыялаган. Алардын арасында тартип коргоо органдарында азыр да иштеп жаткан кызматкерлер бар. Сынактан өтпөй калгандардын арасында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов жана анын орун басары Мирлан Чалыбаев да бар.

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы түзүлөрүн Ички иштер министрлиги быйыл февралда кабарлады. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделери айтылган. Ал коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республикалык деңгээлдеги реформа баштоо мүмкүнчүлүгү каралат.

Жаңы мекемеге кызматкерлер сынак аркылуу кабыл алынып, алар кошумча окуудан өтөт. Патрулдук милициянын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, айлыгы жогору болору айтылган.

Кыргызстанда патрулдук милиция түзүү аракети 2016-жылы да көрүлгөн. Анда Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилген. (KЕ)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG