Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Түштүк Корея Орусияны "аба мейкиндигин бузду" деп айыптады


Иллюстарциялык сүрөт
Иллюстарциялык сүрөт

Орусиянын аскер учактары 23-июлда эртең менен Жапон деңизинин үстүндөгү Түштүк Кореяга таандык аба мейкиндикти бузду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме кылып "Yonhap" маалымат агенттиги кабарлады.

Түштүк кореялык аскер жетекчилер орус согуш учактары Корей жарым аралынын түштүк бөлүгүндөгү Токто аралдарынын үстүнөн эки жолу учуп өткөнүн, эки жолу тең учуу мөөнөтү үч мүнөттөн болгонун билдиришти. Мындан улам Түштүк Кореянын истребителдери согуш учактарын көздөй эскертүү ирээтинде ок чыгарганы маалым болду.

Бул аралдар Түштүк Корея менен Жапониянын ортосундагы талаштуу маселе болуп эсептелет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сеулдун дооматтарын четке какты. Мекеменин билдирүүсүндө Ту-95 үлгүсүндөгү согуш учактары Жапон деңизинин үстүндөгү эч кимге таандык эмес аба мейкиндикти кесип өткөнү айтылат.

Орус учактарынын Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузган учурлары сейрек катталат.

XS
SM
MD
LG