Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Тажик тараптан ок атылып, чек ара кызматкери жараат алды


Кыргыз-тажик чек арасынын чыр чыккан аймагында Тажикстан тараптан бир нече жолу жолу ок атылды.

“Азаттыктын” ошол аймакта жүргөн кабарчысынын айтымында, бир чек ара кызматкери бутунан жараат алды. Аны чек ара тозотуна алып кетишти. Ок атылган маалда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жергиликтүү тургундар менен жолугуп жаткан.

Мунун алдында Баткен менен Согди облустарынын башчылары Мадумаров менен Ражабай Ахмадзода Ак-Сайдагы Дача аймагында жолугуп, чыр-чатакты жөнгө салуу, анын себептерин тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Эки тарап тең ок жеп, таш тийип жабыркагандар бар экенин билдирип жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы абал салыштырмалуу турукташып калганын билдирүүдө.

Расмий маалымат боюнча, чырга 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотулушу себеп болгон. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болушкан. Чек арадагы чырдан кийин кыргыз тарап Ворух-Исфара жолун жапса, бүгүн тажик тарап Лейлекке кетчү Исфана-Баткен жолун жапканы белгилүү болду. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG