Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

АКШ Ормуз кысыгын күзөткөн эл аралык коалиция түзөт


Майк Помпео
Майк Помпео

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео "WFTV 9" телеканалына берген маегинде билдирди. Ормуз кысыгын күзөтүүнүн башкы максаты аймактагы соода жолдорунун коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи. Ал АКШ Иран менен согушууну каалабай турганын кошумчалады. Бирок Помпео "Тегеран террористтик ишмердигин токтотушу керек" деп эскертти.

Вашингтон Ормуз кысыгын күзөткөн, анда ташылган жүктөрдү коштоп жүргөн эл аралык коалиция түзүү керектигин буга чейин дагы бир нече жолу билдирген жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

Соңку кездери Иран менен АКШнын алака-катышын сынаган бир катар окуялар орун алды.

Өткөн айда Иран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал курчуп кеткен. Дональд Трамп Иранга сокку урууга буйрук бергенин, бирок акыркы мүнөттөрдө ал ниетинен баш тартканын маалымдаган.

Тегеран болсо АКШнын агрессивдүү чараларына жооп кайтарыларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG