Франциянын коргоо министри Флоранс Парли мындан 50 жыл мурда жоголуп кеткен суу астында сүзүүчү кеме табылганын кабарлады. Анын айтымында, "Минерва" Тулон шаарынан 45 чакырым алыс, 2 жарым миң метр тереңдикте жаткан.
«Минерва» кемеси 1968-жылдын январында Тулон портунан жол тартып, ошол бойдон Жер Ортолук деңизинде дайынсыз жоголуп кеткен. Кемени издөөгө айтылуу океанограф Жак-Ив Кисто өзү ойлоп тапкан аппарат менен катышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.
Кеменин бортунда 52 моряк болгон. Алардын жакындарынын өтүнүчү менен былтыр издөө иштери жаңы технологиялардын жардамы менен жанданган.
Кеменин чөгүшүнө эмне себепкер болгону расмий айтылган эмес.
Францияда ошондой класстагы 11 суу астында жүрүүчү кеме курулган. Алардын дагы бири – "Эрдис" 1970-жылы чөгүп кеткен.