Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Жеңиш Разаков Баткенде коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды


Жеңиш Раззаков чек арада жабыркагандардан кабар алды. 23-июль. Баткен.
Жеңиш Раззаков чек арада жабыркагандардан кабар алды. 23-июль. Баткен.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткен облусунда жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укук тартибин камсыздоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Разаков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 22-июлдагы окуядан кийин азыркы кырдаал менен таанышуу үчүн 23-июлда Баткенге барган.

Ал Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү. Жабыр тартып, Баткен ооруканасында жаткан жарандардан, коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн тургундардан кабар алды.

Ак-Сай айылынын эвакуацияланган жашоочуларын, жапа чеккендерди зарыл дары-дармек, азык-түлүк, керектөө буюмдар, кийим-кече менен камсыздоо милденттендирилди.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, 22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орноткону себеп болгон. Ак-Сай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгып, натыйжада эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан, анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Учурда окуя болгон аймакта Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG