Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин талкуулайт


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмамоли Рахмон эки тараптуу маселелерди, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча делимитация жана демаркация маселесин талкуулайт. Жетишилген макулдашууга ылайык, учурда тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусун уюштуруунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Буга чейин Тажикстандагы “Азия-плюс” басылмасы өз булактарына таянып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Исфарада 26-июлда жолугарын кабарлаган. Кыргыз тарап бул маалыматты ырастай элек. Президенттин аппараты эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун убактысы жана орду такталып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, 22-июлда саат 17.20да Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Ак-Сай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки айылдын тургундарынын ортосунда чыр чыккан, анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон. Эки тараптан тең жабыркагандар бар.

Учурда окуя болгон аймакта Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG