Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду


Баткен. 23-июль, 2019
Баткен. 23-июль, 2019

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курчуп кетти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, мекеменин төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаровдун катышуусунда чек арага канаатташ аймактын элине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарына карата эки ок чыгарылган.

Анын натыйжасында аскер кызматкери жарадар болду. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, мамлекеттик чек ара кызматкерлери бул тилкеде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан.

Учурда эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кошуна өлкөнүн “эки өлкө президенттеринин жолугушуусу алдындагы кыргыз тараптын чагымы” деп айтканына жооп кайтарды. Анда тажик тарапты эмоцияга алдырбай, кырдаалды курчутуп жиберүүчү негизсиз айыптоолордон карманууга чакырган. Чек арадагы чырдын себептерин жана күнөөлүүлөрдү бирге аныктоого даяр экенин айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы бир канча киши жараат алганын билдирип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG