Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Жаманкулов: Музейдеги сүрөттөрдү текшерүү улантылат


Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейиндеги сүрөттөрдү текшерүү иши улантылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Азаттыктын” “Эки бир” берүүсүндөгү маегинде билдирди. Анын айтымында, музейдеги 4 миңдей сүрөттүн баары текшерилет. Сүрөттөрдү текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия биринчи этапта 250 эмгекти текшерди. Буга чейин эки сүрөт жасалма экени аныкталган. Алар Андрей Мыльников жана Евсей Моисеенконун сүрөттөрү.

"Көргөзмөлөрдү башка өлкөлөрдө да өткөрүү тажрыйбасы бар. Ушундай учурда алар ушунча сүрөттү алып чыгабыз, ушундай корголот жана мындай алып келинет деген арыз жазышы керек. Биз карап көрүп, уруксат беребиз же бербейбиз. Ошондой эле көргөзмөнү Бээжин шаарында уюштуруу үчүн сүрөттөрдү мурдагы директор Юристанбек Шыгаев алып чыккан. Анын айтымында, көчүрмөсүн жасоо үчүн сканерден өткөргөн. Ошол учурда оңдоо үчүн биздин реставраторду чакырган. Ал бизге маалымат берип жатат. Ошол учурда бир канча жол-жоболор бузулган. Коргоочу адис менен макулдашылган эмес жана министрликтин макулдугун алган эмес".

Көркөм сүрөт музейиндеги чыр быйыл жаз айында чыккан.

Анда Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган "Ит менен ат" жана Николай Генин "Бакуниндин портрети" аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алып, көчүрмөсүн жасап жатканда бузуп алганын аныктаган. Мындан соң Шыгаев кызматтан кетип, дагы бир текшерүү дайындалган.

Шыгаев учурда иш алып барып жаткан комиссия бир тараптуу иш жүргүзүп жатканын айтып, анын жыйынтыгы чыкканда түшүндүрмө берерин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG