Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргызстан Тарых музейин оңдогон немис компаниясына 225 миң евро карыз


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Кыргызстан Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына 225 миң евро карыз. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, карыз төлөнгөндөн кийин музейди автоматташтыруу системасы ишке кирип, андагы тиркемелердин ачкычы берилет. Учурда карызды төлөп берүү боюнча жогорку деңгээлде талкуулар жүрүп жатат.

"Музейдин ичин бир канча бөлүккө бөлүү керек. Эмеректер, жаңы түзүлгөн дизайн, бул теректер, анан кафетерий. Эмеректерди адистер дагы карап көрүш керек. Бирок бул негизги чоң-чоң музейлерге коюп жүргөн компания. Эмеректерди алып келүүдө чоң маселе жок болсо керек деп ойлойм. Экинчи бөлүгү - ат, дарактар жана кафетерийдин эмеректери. Муну менен алектенген немис компаниясы ушундай иштерге адистешпеген компания. Бул убакка чейин мындай иштерди жасаган эмес. Ал эмеректерди алып келип, дизайн кылган компания. Ошол үчөөнү Кыргызстанда жасаса болот эле. Анда коррупциялык элементтер барбы же жокпу - муну күч түзүмдөрү аныктасын".

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Учурда бул иш сотто каралууда.

Музейди оңдоп түзөө ишинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда. Сапар Исаков муну саясий иш деп атап келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG