Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:59

Чек ара кызматы чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырды


Ак-Сай айылы, Баткен району, 23-июль, 2019-жыл
Ак-Сай айылы, Баткен району, 23-июль, 2019-жыл

Кыргызстандын чек ара кызматы социалдык тармактардагы “кыргыз-тажик чек арасына аскердик техникалар баратат” делген маалыматтар жана видео тасмалар чындыкка коошпой турганын маалымдады.

Мекеме аскердик оор техникалардын кербени “Сары - Таш - 2019” машыгууларынан кийин Жалал-Абал облусуна баратканын, соцтармакка тараган видео тасма Жалал-Абадка бараткан ашууда тартылганын белгилеген.

Мындан улам мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды чагымга алдырбай, маалыматтарды текшерип окууга чакырат. Ошондой эле мекеме мамлекеттик чек арада кырдаал өзгөрө турган болсо, аны көзөмөлдөө, абалды жөнгө салуу үчүн жетиштүү күчү жана каражаты бар экенин кошумчалаган.

Буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курч экенин маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, чек ара кызматкерлери бул тилкеде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан. Эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрду жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы болсо, кыргыз жарандары “Ак Сай” айылы деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG