Линктер

жекшемби, 25-август, 2019 Бишкек убактысы 17:07

Трамп сот аркылуу салык декларациясын жашыргысы келет


23-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Бюджеттик комитеттин палата өкүлдөрүн, Нью-Йорктун Башкы прокуротурасын жана Салык кызматын сотко берди. Президент болгонго чейин бул штатта жашаган Трамп өзүнүн салыктары жана салык эсептери тууралуу маалымат бербөөнү соттон суранды. Бул тууралуу CNBC агентиги кабарлайт.

Бюджеттик комитет Конгресске Трамптын салыктары тууралуу маалыматты берүүнү талап кылып Финансы министрлигин жана Салык кызматын бир нече жума мурун сотко берген. “Америка үнү” шейшемби күнү Колумбия округунун федералдык сотуна берилген арызда “президент июндагы соттук доого каршы кайрылды” деп жазылганын кабарлады.

Трамп шайлоо кампаниясы учурунда бир нече жолу өзүнүн салыктары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруудан баш тарткан. Ал президент болгондон кийин да салык маалыматтарын ачыктаган эмес. Эреже боюнча президенттикке талапкерлердин баары акыркы жылдагы салык декларацияларын жарыялашат.

Май айында Нью-Йорк штаттынын сенаты АКШнын президенти салык боюнча маалыматтарды Конгресске берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн мыйзам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG