ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланууда

Найимжан Дехканов сотто көрсөтмө берип жатат. 24-июль, 2019-жыл.
Найимжан Дехканов сотто көрсөтмө берип жатат. 24-июль, 2019-жыл.

Бүгүн, 24-июлда Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланууда. Соттук жараянда кылмышка шектүү Мелис Калыков мергенчиликтен келгенден кийин үйүнө биринчи барган Найимжан Дехканов көрсөтмө берди.

Ал кырсык болгон күнү Калыков менен күйүүчү май алуу үчүн май куюучу жайга чогуу барганын, айыпталуучу анын үйүнө 20 литрлик идиште бензин калтырып кеткенин айтты. «Ошондой эле Калыковдун оң колунда жаңы алган жарааты жана кандын тактары болгон» деп көрсөтмө берди.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (MdN)

​
XS
SM
MD
LG