Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:20

Ысык-Көлгө алты айда 40 миңден ашык турист келди


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ушул жылдын алты айында Ысык-Көл облусуна 43 614 турист келди. Анын ичинен 37 185и Кыргызстандын жарандары, 6 429у чет элдиктер. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чет мамлекеттен келгендердин 5 052си КМШ өлкөлөрүнөн, калган 1 377си башка мамлекеттерден. Ушул жылдын январь-июнь айларында Ысык-Көл облусунун аймагындагы туризм тармагында кызмат көрсөткөн объектилерден 79 581,6 миң сом салык түштү.

Туристтик мезгилде коомдук жана жол коопсуздугун сактоо боюнча жалпы 924 кызматкер иш алып барышууда. Эс алуучулар кѳп баруучу алыскы Көк-Жайык, Барскоон, Туз-Көл, Кырчын жана Каркыра аймактарында кошумча убактылуу милиция пункттары ачылган.

Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоочу жана эс алуучу 197 мекеме иштейт. 83 эс алуу жайында видео көзөмөл орнотулган, жалпы видео камералардын саны - 1073, орнотула элеги - 114. (KS)

XS
SM
MD
LG