Орусиянын Москва шаарында оппозициячыл саясатчы, коррупцияга каршы блогдору, иликтөөлөрү менен белгилүү Алексей Навальныйды 24-июлда үйүнүн оозунан полиция кармап кетти. Ал "Инстаграмдагы" баракчасына полициянын атайын даярдыктагы аскерлери аны үйүнүн жанында автобуста аңдып отурганын, жубайына гүл сатып алуу үчүн сыртка чыкканда эле кармап кеткенин жазды.
Навальныйды ИИМдин Москва шаарындагы Даниловск райондук бөлүмүнө алып келишти. Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп мөөнөтсүз нааразылык акция баштоону сунуштап жаткан.
Москва шаардык кеңешке шайлоого катыша албай калган талапкерлер ушул жумада мэриянын алдына жалгыз-жалгыздан акцияга чыгышарын билдиришкен. Бийлик оппозициянын талабын "саясий шантаж" деп атап жатат.
Алексей Навальный он күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 11-июлда абактан бошогон. Ал ушул айдын башында 12-июнда журналист Иван Голуновду колдогон акцияга катышканы үчүн соттолгон болчу.