Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

Пентагонду Марк Эспер жетектейт

Марк Эспер
Марк Эспер

АКШда Сенат коргоо министри кызматына Марк Эспердин талапкерлигин жактырды. Аны 90 сенатор колдоп, сегизи каршы болду. 23-июлда Марк Эспер ант берип кызматка киришти, бул жөрөлгөгө АКШнын президенти Дональд Трамп да катышты.

55 жаштагы Эспер президент Трамп дайындаган экинчи коргоо министри болуп калды.

Коргоо министринин орду былтыр декабрь айынан бери бош турган. Анда Жэймс Мэттис Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу тууралуу чечимин колдобой турганын айтып кызматтан кеткен.

Жыл башында коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп Патрик Шанахан дайындалган. Бирок өткөн айда ал өз арызы менен бул кызматтан баш тартты. Үй-бүлөсүнө көбүрөк көңүл буруу үчүн ушундай чечимге келгенин айтты. Анын алдында Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Шанахандын үй-бүлөсүндөгү зомбулук тууралуу иликтей баштаганы белгилүү болгон.

Марк Эспер убагында "Raytheon" ири курал-жарак компаниясынын лоббисти болгон. Ал кенже Жорж Буш президент болуп турганда Пентагондо кызмат өтөгөн. 2017-жылдан ушул кезге чейин Пентагондун курамына кирген армия министри кызматын аркалап келген.

XS
SM
MD
LG