Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

"National Geographic" Амелия Эрхарттын учагын суу астынан издейт


Амелия Эрхарт 1937-жылы Жер шарын айланып чыгуу үчүн сапарга чыгып, дайынсыз жоголуп кеткен
Амелия Эрхарт 1937-жылы Жер шарын айланып чыгуу үчүн сапарга чыгып, дайынсыз жоголуп кеткен

"National Geographic" телеканалы мындан 80 жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен учкуч Амелия Эрхарттын учагын Тынч океандагы Феникс аралынын жанындагы суунун астынан издегени жатат. Экспедицияны белгилүү, тажрыйбалуу деңиз изилдөөчүсү Роберт Баллард жетектейт жана издөө иштери август айында башталат.

Роберт Баллард айтылуу "Титаник" кемесин издеп-табууга катышкан.

"National Geographic" алгачкы аял учкуч Амелия Эрхарттын учагын издөө иштеринин негизинде эки сааттык даректүү фильм тартканы жатат.

Эрхарт Атлантика океанынын үстүнөн биринчилерден болуп учуп өткөн. Ал Жер шарын айланып чыгуу үчүн сапарга чыгып, 1937-жылы 2-июлда дайынсыз жоголуп кеткен.

XS
SM
MD
LG