Орусиянын Тергөө кызматы Хабаровск крайындагы лагерде төрт баланын өлүмү менен аяктаган өрткө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Эдуард Новгородцевге кылмыш ишин козгоду.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Новгородцев "Холодоми" тоо-лыжа комплексиндеги чатырлар лагеринде өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай турганын билген, бирок чара көргөн эмес. Мунун алдында кырсыкка байланыштуу лагердин директору Максим Кузнецов менен анын негиздөөчүсү Виталий Бурлаков камакка алынган.
Балдар лагеринде өрт 23-июлда түн ичинде тутанган. Анда 26 чатырдын 20сы толугу менен күйүп кеткен, өрт чыккан маалда ал жерде 189 бала болгон.
ТАСС маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарга таянып, лагердин кызматкерлери алгач өрттү өздөрү өчүрүүгө аракет кылганын, өрт өчүргүчтөрдү кеч чакырганын жазды.
Өрттөн кийин лагерь жабылды.