Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Салянованын лицензияга байланыштуу соттук иши 1-августка жылдырылды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду 1-августка жылдырды.

Жараян ишти карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү келбей калганына байланыштуу болбой калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова кабарлады.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Салянованын лицензияга байланыштуу иши Жогорку сотто быйыл жыл башында ишке кирген жаңы кодекстерге байланыштуу кайра каралганы жатат.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулганына байланыштуу да 3-июлда камакка алынып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. (BTo/ErN)

XS
SM
MD
LG