Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Мирзиёев ишкерлердин имараттарын түрттүрүүгө тыюу салды


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев облус, район жетекчилерине өтө чоң муктаждык, зарылдык болбосо ишкерлердин имараттары түрттүрүлбөшү керектигин эскертти. Бул тууралуу 23-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Бардык акимдерди ишкерлерге таандык имараттар негизсиз түрттүрүлүшүнө жол берилбей турганын эскертем", - деди өзбек президенти.

Мунун алдында Кашкадарыя облусундагы Яккабаг районунда Бахиддин Исомов аттуу ишкер насыяга курган эки кабат дүкөнү менен цехин түрттүрүү үчүн келген район акиминин орун басары Мансур Туймаевге бензин чачып өрт койгон.

Аткаминер ооруканага жеткирилген, ишкер камакка алынган.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги аймактарда коомдук жана мамлекеттик маанидеги керектөө үчүн түрттүрүлгөн имараттардын ээлерине өкмөт 300 миллиард сум (35 миллион доллар) карыз экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG